АКШ чыгып жаткан 66 эл аралык уюмдардын тизмеси

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) тиешелүү түзүмдөрдү, ошондой эле көз карандысыз өкмөттөр аралык жана көп тараптуу демилгелерди камтыган 66 эл аралык уюмдан чыгуу ниети бар экенин билдирди.

Документке ылайык, БУУ тутумуна кирбеген 35 уюмдан жана БУУнун 31 түзүмүнөн чыгуу пландалууда.

БУУга кирбеген уюмдар

  • Экологиялык жактан таза энергия боюнча 24 сааттык макулдашуу
  • Коломбо пландоо кеңеши
  • Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташтык комиссиясы
  • «Билим берүү кечиктирилбеши керек» демилгеси
  • Гибриддик коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча Европалык алдыңкы тажрыйба борбору
  • Автомобиль жолдорунун улуттук илимий-изилдөө лабораторияларынын европалык форуму
  • Интернет эркиндиги үчүн коалиция
  • Коомчулукту тартуу жана туруктуулукту жогорулатуу боюнча глобалдык фонд
  • Терроризмге каршы күрөшүү боюнча глобалдык форум
  • Киберэкспертиза боюнча глобалдык форум
  • Миграция жана өнүгүү боюнча глобалдык форум
  • Глобалдык өзгөрүүлөрдү изилдөө боюнча Америкалар аралык институт
  • Тоо-кен өндүрүшү, пайдалуу кендер, металлдар жана туруктуу өнүгүү боюнча өкмөттөр аралык форум
  • Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобу
  • Биологиялык ар түрдүүлүк жана экосистемалык кызматтар боюнча өкмөттөр аралык илимий-саясий платформа
  • Маданий мурастарды сактоо жана реставрациялоо боюнча эл аралык борбор
  • Пахта боюнча эл аралык консультативдик комитет
  • Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюм
  • Эл аралык энергетикалык форум
  • Искусство жана маданият агенттиктеринин кеңештеринин эл аралык федерациясы
  • Демократия жана шайлоолорго көмөк көрсөтүү боюнча эл аралык институт
  • Адилеттүүлүк жана мыйзам үстөмдүгү боюнча эл аралык институт
  • Коргошун жана цинк боюнча эл аралык изилдөө тобу
  • Кайра жаралуучу энергия булактары боюнча эл аралык агенттик
  • Эл аралык Күн альянсы
  • Тропикалык жыгач боюнча эл аралык уюм
  • Табиятты коргоо боюнча эл аралык союз
  • География жана тарых боюнча Панамерикалык институт
  • Атлантика кызматташтыгы боюнча өнөктөштүк
  • Азиядагы деңиз каракчылыгына жана куралдуу кол салууларга каршы күрөшүү боюнча аймактык кызматташтык келишими
  • Аймактык кызматташтык кеңеши
  • XXI кылым үчүн кайра жаралуучу энергетика саясаты боюнча тармак
  • Украинадагы илимий-техникалык борбор
  • Тынч океан аймагынын айлана-чөйрөнү коргоо программасынын секретариаты
  • Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы

БУУнун курамындагы уюмдар

  • Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департамент
  • БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңеши (ЭКОСОК) — Африка боюнча экономикалык комиссия
  • ЭКОСОК — Латын Америкасы жана Кариб бассейни боюнча экономикалык комиссия
  • ЭКОСОК — Азия жана Тынч океан аймагы боюнча экономикалык жана социалдык комиссия
  • ЭКОСОК — Батыш Азия боюнча экономикалык жана социалдык комиссия
  • Эл аралык укук комиссиясы
  • Эл аралык кылмыш трибуналдары боюнча калдык механизм
  • Эл аралык соода борбору
  • Африка маселелери боюнча атайын кеңешчинин кеңсеси
  • Куралдуу кагылышуулардагы балдар маселеси боюнча Башкы катчынын атайын өкүлүнүн кеңсеси
  • Куралдуу кагылышуулардагы сексуалдык зомбулук маселеси боюнча атайын өкүлдүн кеңсеси
  • Балдарга карата зомбулук маселеси боюнча атайын өкүлдүн кеңсеси
  • Тынчтык куруу комиссиясы
  • Тынчтык куруу фонду
  • Африкалык тектеги адамдардын маселелери боюнча туруктуу форум
  • БУУнун Цивилизациялар альянсы
  • Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө токойлордун кыйылышынан жана деградациясынан чыккан чыгындыларды кыскартуу боюнча БУУ программасы
  • БУУнун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясы
  • Демократия боюнча БУУ фонду
  • БУУнун Энергетика кызматы
  • Гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча БУУ түзүмү
  • Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Рамкалык конвенциясы
  • Калктуу конуштар боюнча БУУ программасы
  • Кадрларды даярдоо жана изилдөөлөр боюнча БУУ институту
  • БУУ — Океандар
  • БУУнун Калк фонду
  • Салттуу курал-жарактардын БУУ реестри
  • БУУ тутумунун жетекчилер кеңеши
  • БУУ тутумунун штабдык офицерлер колледжи
  • БУУ — Суу
  • БУУ университети

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз