Өзүбек ажы Чотонов милицияга чакырылды

Социалдык тармактарда Бишкектеги борбордук мечиттин жанында көп аялдуулукту декриминалдаштыруу демилгесин колдоп кол топтоо акциясы өткөнү тууралуу видео тарады.

28-апрелде Бишкек шаарынын ИИББсынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт боюнча сотко чейинки текшерүү башталып, анын алкагында акцияга катышкан бардык адамдар милицияга чакырылды. Алардын арасында диний ишмер Озубек Чотонов да болгон.

Укук коргоо органдары көп аялдуулук үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертишти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз