"Толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар": Камчыбек Ташиев кылмыш иши тууралуу үн катты
Камчыбек Ташиевге мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деген айып тагылды.
Адвокат Шердор Абдыкапаров "Кактус Медиа" басылмасына билдиргендей, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, мурдагы депутат Курманкул Зулушевге жана ЖКнын экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна (Нурланбек Шакиевге) расмий түрдө айып коюлду. Анын айтымында, үчөөнө тең буга чейин бул иш боюнча башка фигуранттарга колдонулган беренелер окулду.
Сөз массалык башаламандыктарды уюштуруу жана тергөө органдары мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет катары баалап жаткан оор кылмыш курамдары тууралуу болуп жатат.
Бул маселе боюнча Камчыбек Ташиев жооп бергенин "Регион ТВнын" директору Өткүрбек Рахманов өзүнүн фейсбук баракчасынан кабарлады.
“Урматтуу эл-журт!
Сиздерге мага карата козголгон кылмыш иши боюнча кайрылууга туура келип жатат. Себеби, бүгүн эртең менен маалымат чыккандан бери көптөгөн адамдар тынчсызданып жатканын билдиришүүдө.
Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана АЛЛАХым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам.
Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган «Кемпир-Абадчылар» да акталышты.
Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм.
Мен үчүн кыжаалат да, кабатыр да болбоңуздар. Ар бириңиздерге чоң рахматымды айтамын, ыраазычылык билдирем. Буюрса, баары жакшы болот", - деген Ташиев.
Кечээ, 28-апрель күнү Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Тургунбек уулу ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылганын бир катар ЖМКлар жазышкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

