Ташиевге айып тагылды. Ал өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулду
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулду, деп 29-апрелде «АКИpress» редакциясына Икрамидин Айткулов билдирген.
Анын айтымында, Ташиев суракка чакырылып, андан соң КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (бийликти күч менен басып алуу) жана 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыптар коюлган.
Иликтөөнү Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.
10-февралда Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган.
Кечээ, 29-апрель күнү Камчыбек Ташиев өзүнө тагылган айып боюнча комментарий берген. Анда ал күнөөсүз экенин айтып, сот адилеттүүлүгүнө токтолуп, акталып чыгарын айткан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

