Кыргызстан менен Орусия чек арадан өтүү эрежелерин жаңылайт
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 272-т буйругу менен эки өлкөнүн жарандарынын саякаттоо режимине байланыштуу Орусия менен макулдашуунун корутундусун жактырып, документти ратификациялоо үчүн Жогорку Кеңешке жөнөттү.
Негизги өзгөрүү — Кыргызстан менен Орусиянын жарандарынын чек арадан өтүүчү документтеринин тизмесин актуалдаштыруу. Тактап айтканда баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү өлкөгө кирүүгө укук берүүчү документтердин тизмесинен алынат.
Макулдашууну ишке ашыруу боюнча жооптуу орган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги болуп аныкталды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

