"Аккула" ат майданында каза болгон улакчынын окуясы боюнча эки адам кармалды
Ленин райондук ИИБнин басма сөз кызматы 13-мартта билдиргендей, ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүүлөр кармалды.
12-март күнү болжол менен саат 10:00 чамасында «Ак-Кула» ат майданында «Сокулуктун» «Бөрүлү» жана «Оштун» «Бүркүт» командаларынын ортосунда көкбөрү боюнча беттеш башталган.
Милициянын маалыматына караганда, оюн башталгандан 10–15 мүнөт өтпөй, эрежени одоно бузуу менен болгон кагылышуудан улам «Бөрүлү» командасынын оюнчусу аттан кулап, эс-учун жоготкон. Оюн дароо токтотулуп, окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылган.
Жабырлануучу – 1980-жылы туулган С.М. оор жаракаттардан улам ооруканага жетпей каза болгон. Медиктердин маалыматына ылайык, ал окуя болгон жерде эле жан берген. Алгачкы диагнозго ылайык, жабырлануучу ачык баш мээ жаракатынан, баш сөөгүнүн негизинин сынышынан, маңдай сөөгүнүн ачык сынышынан, оң көзүнүн жабыркап, көздүн ичиндеги заттын чыгып кетишинен, мурдунун жабык сынышынан жана жогорку жаактын жабык сынышынан улам көз жумган.
Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») боюнча катталган.
Милиция шектүүлөрдү – 1996-жылы туулган оюнчу А.Ч. жана 1983-жылы туулган калыс Ш.У.ну кармап, убактылуу кармоочу жайга камакка алды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.