1255 үйгө, 550 коммерциялык объектке компенсация беришибиз керек, - Жанар Акаев
Компенсация алуучулардын санын кыскарттык. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанар Акаев бүгүн, 11-май күнү Алымбек датка МАБнын тургундары менен жолугушуудан кийин журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, мэрия компенсация төлөй тургандардын саны 2 миңге жакындайт. Анын ичинде коммерциялык обекттер, жеке жарандар да бар.
«Компенсация ала тургандар коммерциялык объекттер менен үйлөрдү кошкондо 2 миңге жакындайт да. Коммерциялык оъекттилердин көпчүлгү менен ызы-чуу... Жанагы ири объектилер менен. Бирок бир пикирге келип калдык. Айрымдарына жер берип жатабыз. Акча бере албайбыз. Айрымдарына даяр имараттарды берип жатабыз. Алмашып бүткөнү калдык. Азыр дагы Борбордук базар, ошол жерде 380 адамдын коммерциялык объектиси болгон. Биз ал жерди байыркы Ошту чагылдырган, Самарканддагы шаарга окшош туристтик борборго айлантууга аракеттер болуп жатат. Алар менен да бир пикирге келип калдык. Арасында айрым адамдар бар макул болбогон, бирок, менин оюмча, 2-3 айдын ичинде компенсация маселесин кескин азайтабыз. Аз эле адам калат. Сүйлөшүүлөрүбүз жакшы натыйжа берип жатат.
550 коммерциялык объектке компенсация беришибиз керек. 1 миң 255 үйгө компенсация беришибиз керек. Азыр сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы чыкканы калды. Ошону так айта алам», - деди Ж. Акаев.
Буга чейин экс-мэр Жеңишбек Токторбаевдин учурунда бир катар жайлар бузулуп, ага компенсация берүү маселеси жаралган. Токторбаев кызматтан кеткенден кийин коммерциялык объекттердин ээлери, үйлөрү бузулган жарандар мэриядан компенсация төлөп берүү маселеси менен кайрылышкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

