Марат Тагаев башка кызматка барды
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматын аркалап келген Тагаев Марат Төлөмүшович өз арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынды.
"Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө” жобого, ошондой эле ТҮРКСОЙ Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун түзүлүшү жана иштөө принциптери жөнүндө келишимдин 4-беренесине ылайык Тагаев Марат Төлөмүшович ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Бул дайындоо түрк тилдүү мамлекеттер менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого жана эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
ТҮРКСОЙ (Түрк маданиятынын эл аралык уюму) — түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюм.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

