Жоламан Шаршенбеков мамлекет тарабынан стипендия берилбей калгандан кийин ким жардам берип жатканын айтты
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков акыркы мелдештерге катышпаганы үчүн мамлекеттен стипендия албай келет, деп жазат "Баракелде" басылмасы.
Спортчу 2025-жылдын жай айынан бери мелдештерге катышпай жүрөт, ал эми стипендия акыркы жеңиштүү турнирден кийин бир жылга чейин төлөнөт.
«Мамлекет бизге эч качан көңүл бурбай койгон эмес. Агенттик жана күрөш федерациясы бизди таштаган жок. Федерациянын өкүлдөрү мени ай сайын колдошот, ошондой эле операция учурунда жардам беришкен. Бизге жетиштүү көңүл бурулуп жатат десек болот. Улуттук олимпиадалык комитет тарабынан да Олимпиадага даярдык көрүү алкагында ай сайын стипендия төлөнөт», - деди Шаршенбеков ютубдагы каналдардын бирине берген маегинде.
Учурда спортчу 2028-жылдагы Олимпиадага даярдык көрүү үчүн Улуттук олимпиадалык комитеттен 500 доллар алат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

