Олимпиада комитетин 29 жаштагы Айваз Оморканов жетектейт

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин жаңы президенти болуп Айваз Оморканов шайланды, деп жазат "Баракелде" басылмасы.

Шайлоо 11-майда Бишкекте өттү.

Буга чейин бош орунга үч талапкер көрсөтүлгөнү кабарланган. Оморкановдон тышкары Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев жана Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев талапкерлигин койгон.

Шайлоо күнү талапкерлердин тизмесинде Айваз Оморканов гана болду.

29 жаштагы Оморканов 2021-жылдан бери Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) кеңешинин мүчөсү жана вице-президенти, ошондой эле Кыргызстандын Хоккей федерациясынын башкы катчысы болуп эмгектенет.

Мурдагы президент Үмбөталы Кыдыралиев болгон. Ал кызматка Париж Олимпиадасынан кийин келген жана быйыл март айында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз