«Күйөөм кайнап турган сиропту бетиме чачып жиберди»: Ош ШИИБдин жетекчиси аялына зомбулук көрсөттү делген жаран кармаларын айтты

Күйөөм 13 саат кайнаган сиропту бетиме чачып салды. Бул тууралуу кечээ, 11-май күнү  Ош шаарынын тургуну Ош шаарынын мэринин Сулайман-Тоо МАБынын жашоочулары менен жолуккан учурунда билдирди.

Анын айтымында, ал үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган.

«9-март күнү жолдошум 13 саат кайнаган сиропту бетиме эки жолу чачып жиберди. Бир жолкусунда 4 литр бата турган чөмүч менен чачып салып, Өзбекстанга качып кеткен. Андан бери мен 27 күн ооруканада дарыланып чыктым. Дарыланганыма да бир сом акча беришкен жок. Кайнатам келип, «колуңдан эмне келсе, ошону жаса, мен бүт баарын акчага сатып алдым» дейт. Азыр мен 4 балам менен калгам. Мага 100 сом да каражат кылышкан жок. Бир дагы кабар алышкан жок. Ооруканага барышкан жок. Мен Ош ШИИБдин башчысына [Дамир Исаков] бардым. Ал киши мени кабыл алып, «мен көзөмөлдөйм» деди. Бирок, биздин милиция кызматкерлери иштебей жатат. Мен нааразы болуп келдим. Кантип эле Өзбекстанда жүргөн адамды алып чыга алышпай жатат? 3 айдан өттү, мага бир да киши «эмне болуп жатат?» деп сураган жок.  Ушуну  сиз көзөмөлгө алып коюңузчу, мэр, өтүнөм», - деди даттанган аял.

Ош ШИИБдин башчысы Дамир Исаков аталган аял анын кабылдамасына барганын, аны кабыл алганын айтты.

«Сиз мага келгенсиз. Мен сизди кабыл алгам. Сиздин көйгөйүңүздү билебиз. Ал баланы кармап келебиз», -деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз