Ош: Кулатовдун тургуну эски ипподромго көп кабаттуу үйлөр курулуп, балдар ойноочу аянтча жоктугун билдирди
Эски ипподрамго 3 көп кабаттуу үй салып алышты, балдар ойной турган аянтча жок. Мындай маалыматты бүгүн, 12-май күнү Керме-Тоо МАБынын мэр менен жолугушуусунда Кулатов кичи районунун №26 үйүнүн жашоочусу Саламат Жээналиев билдирди.
Анын айтымында, мурда ипподром болгон жерге учурда көп кабаттуу үйлөр курулуп, андан ашып калган жерге да курулуш курулуп жатат. Балдар ойноочу аянтча жок, балдар мушташып жатышат.
«Менин айтаарым, баягы эски, 1990-жылдардагы ипподромдун жери. Ошол жерге 2-3 курулуш куруп алышты. Бир аз жер калды эле. Аны да тосупалышып, курулуш куруп жатышат. Мен кечээ күнү милицияга чалдым. Биздин 15-16 жаштагы балдарга ойной турган бир да аянтча жок. Ошолорго кичине футбол ойной турган жай куруп берип койсо, ошолор мушташпайт эле. Ишенбесеңер, 02ге чалгыла, 5-6 күн мурда ушул балдар мушташып жатышат. Эртеге бир нерсе болсо, мэрия ыйлайт ушуга. Ошол ипподромдун жайын балдарга кайтарып берсин. Балдарга ойной турган футбол аянтчасын жасап берсин. Дагы бир суроом: Кательныйдан келген жолду ачып, жол кылды да, жарымын таштап коюшту. Биз балдар менен өтө албай жатабыз. Кандай десем, наркы жолго өтө албай жатаббыз. Үйлөрдү куруп, ортого шагылды тыгып коюшту, биз ылайда басып, кетип жатабыз. Балдар бакчасына барыш үчүн, чоң жолго чыгыш үчүн ошол жерден өтүп жатабыз. Бизди ошол жерге кысып койду. Эки машина тыгылып өтө албайт. Балдарыбызды колубузга кармап өтүп жатабыз. Эркин жүрө албай калдык. Жанар, өзүң барып, ошол жерди көрүп койчу, сураныч.
Ипподрамдын жерин жанагы куруучулар алып, үй куруп алышкан. Азыр 3 үй курулуп турат. Балдар ойной турган жер калтырбай к оюшту», - деди ал.
Курулуш иштери боюнча вице-мэр Шумкарбек Пайзиев аталган жай үй курулганын билерин, алардын укуктук документтери бар экенин, азыр да мыйзамдуу түрдө үй курулуп жатканын айтты.
«Бирок, жол боюнча, компанияларга айтабыз, жолдоруна жок дегенде шагыл төгүп туралы", - деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

