Жанар Акаев экиге бөлүнүп калган жашоочуларды сыртка чыгууну суранды
Жийделик көчөсүнүн өйдө жагындагылар көчөбүздүн 1 метрден 8 метрге чейин «снос» кылууга макулбуз. Компенсация сурабайбыз. Бул тууралуу бүгоүн, 12-май күнү Ош шаарынын Манас-Ата МАБынын жашоочулары менен мэрдин жолугушуусунда жактоочу Ислам Ахмедов билдирди.
Анын айтымында, Жийделик көчөсүнүн бир тарабы мамлекеттик актыларын мамлекеттин пайдасынаэкинчи долбоор боюнча берүүгө макул.
«Жийделик көчөсү жана Ош көчөсү боюнча, Буга чейин вице-мэр Шумка агабызга да кайрылганбыз. Ош көчөсүнүн «сностору» боюнча. Менин айта турган нерсем, «мамлекет бизге эмне кылып берди?» дейт го. Бүгүнкү күндө компенсация талап кыла турган болсок, мамлекет «беребиз» деп жатат. Биз Жийделик көчөсүндө, бир тараптуу, үстүңкү жак көчөсүндө, мына колумда турат, урматтуу мэр, үйлөрдүн мамлекеттик актары жана өздөрүнүн макулдугу боюнча, ушун силерге тапшырабыз. Буларды талабы эмне болуп жатат? Ошол Ош көчөсү, мурдагы долбоор боюнча башкача болчу. Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин, «Ош көчөнүн эки тарабы бирдей «снос» болот» дешкен. Азыркы жарандардын каалоосу, бир тарапта 112 үй бар экен, анын ичинен 8и дүкөн жана 7 көп кабаттуу үй экен. Сол жагында 1 мечит, эки 2мектеп, 68 үй бар экен. Ошол көчөнүн 50 пайыздан ашыгы кол коюшту. Алардын каалоосу боюнча 1 метрден 8 метрге чейин «снос» болсо, «өз эркибюиз үчүн мамлекетке беребиз» деп жатышат. Болгону мэрден бир сураныч болуп жатат. Ошол экинчи долбоорду мыйзам чегинде карап, 1 метрден 8 метрге чейин «снос» кылуу маселесин ошол өзүндөй калтырып бериңиздер», - деди ал.
Жанар Акаев Ош көчөсүндө «снос» иштери жакынкы күндөрү башталарын билдирди.
«Ош көчөсү боюнча, Ош көчөсү жакынкы күндөрү башталат. Аэропорттон Манастын айкелине чейин 3 чакырым жолду биз кеңейтүү иштерин баштайбыз. Ошондо шаардагы унаа тыгыны азаят.
Сиздерди да билем. Эки тарап болуп бөлүнүп алгансыздар. Бирок ынтымакты сактаңыздар. Биз элдин пикирин эске алуу менен, бирок ошол эле убакта деталдуу планда кандай болсо, ошондой өзгөртөбүз. Жакында чечим кабыл алабыз. Биздин мэриянын кызматкерлери барып, сиздерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт», - деди мэр.
Маалымат үчүн: Буга чейин Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн гана деталдык планы бүткөнүн белгилүү болгон. Кеп болуп жаткан Ош, Жийделик көчөлөрү тарап боюнча деталдык план бүткөн же бүтпөгөнү боюнча расмий маалымат айтыла элек.
Ал учурда залдын ичинде ызы-чуу түшүп, нааразы болгондор болду. Жийделик көчөсүнүн дагы бир жашоосу жогоруда жактоочу айткан кептерге кошулбай турганын, кошулбаган жарандар көпчүлүктү талап кыларын айтты.
«Жийделик көчөсү боюнча келдим. Бул жеерде көөпчүлүкпүз. Жүздөй адам келгенбиз», - деди ал.
Курулуш иштери боючна вице-мэр Шумкарбек Пайзиев ал өйүз, бул өйүз деген маселе болбостугун, башкы планда кандай болсо, маселе ошого жараша чечилерин билдирди.
Маалымат үчүн: 2016-жылы иштелип чыккан башкы пландын мөөнөтү 2025-жылга чейин жасалган. Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жаңы башкы план иштелип чыкканга чейин эскиси иштей берерин билдирген болчу.
Андан ары Жанар Акаев Ош, Жийделик көчөсү боюнча келген жарандарды жыйындан чыга берүүсүн суранды. Акаев белгилегендей, аларга мэриянын кызматкерлери кийинчерээк барып жолугушат.
Буга чейин Ош мэриясы Манас-Ата МАБнын тургундары менен жолугуп, айрым көчөлөрдө «снос» иштери жүрөрүн билдирген. Анда айрым жарандар макул болуп, айрымдары макул эместигин билдиришкен эле.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

