«Баламды армияда уруп коюшуп, гемодиализге отуруп калды»: Оштук эне мэрге кайрылды

Бүгүн, 14-май күнү Ош шаарынын мэри Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушууда, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ош шаарынын тугуну  Замира Ахмаджанова үйүндө 3 майыптыгы бар адам бар экенин айтып, жардам сурады.

«Менин сизге кайрылуумдун себеби, 2013-жылы биздин үй-бүлөдө чоң өзгөрүү болду. Уулумду армияда уруп коюшуп, эки бөйрөгүнөн ажырады. Азыр гемодиализ алат. Экинчи уулум донор болгон. Анын 5 баласы бар. 2018-жылы жеримди тапшыргам. Азыр батирде жашайбыз. Бирок, азыр аны да бошотуп коюшубузду айтып жатышат. Биз абдан оор абалда калдык. Мэрияга канча жолу бардык. Кайсыл жактарга гана кайрылган жокпуз. Азыркы учурда 7 балабыз менен дээрлик көчөдө калдык. Кайда барабыз? Үйдө үч майып бар. Анын бири мен. Менин башымда да залалдуу шишик бар. Жардам бериңиздер, сураныч», - деди ал.

Социалдык иштер боюнча вице-мэр Масуда Айдарбекова аталган аялдын маселесин биле турганын, мэрия буга чейин материалдык жардам берип келгенин, мындан кийин да жардам берүүгө даяр экенин айтты.

Жанар Акаев жардамчыларына кайрылып, аталган аялдын телефонун жазып алуусун, жөлөк пул жана жеке жардам боюнча жардам берерин билдирди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз