«Өзбекстанга 1 метр жакынбыз»: Чек ара аймактарында курулуш маселелери качан бүтөрү айтылды

Бүгүн, 14-май күнү Ош шаарынын мэри Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушууда. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Сүрөт-Таш айылынын тургуну Үмүтжан Хабибулла уулу алардын айылы Өзбекстан менен чек аралаш жайгашканын, андагы демаркация иштери качан бүтөрүн сурады.

«Биз Сүрөт-Таш айылында жашайбыз. Өзбекстан менен бир кадам чектешпиз. Биздин айылдын жолунда чек аралачыларыбыз жүрөт. Ал кооптуу. Мыйзам боюнча чек арачылар зымдын астында жүрүшү керк. Биз 1999-жылы көчүп барганбыз. Анда чек аранын зымдары жок болчу. Эч нерсе жок болчу. Биз ал жердеги үйлөрдү качан оңдосок болот ошого так жоопберип койсоңуздар жакшы болот эле», -дед ал.

Ошондой эле ал аталган айылда балдар бакччасы жок экенин, бакча куруу маселеси курч бойдон турганын кошумчалады.

«Андан сырткары, бизге жаңы мектеп курулуп жатат. Аны үчүн президентибизге рахмат. Ошондой эле бизде балдар бакчасы жок. Бизге бакча куруп берсеңиздер», - деди ал. 

Чек ара кызматынын Ош чек ара башкармалыгынын башчысы Мамырканов мындай маселелер толтура экенин белгиледи.

«Ош облусунун аймагында мындай маселелер көп. Делимитациялык иш-чаралар Өзбекстан менен бүттү. Эми деморкациялык иштер калды. Деморкация иштеринин жүрүшүндө чек арага зым тартуу, белгилерди коюу иштери жүрөт. Бул иштерди мамлекеттик деңгээлде жүргүзүш керек. Бул маселе азыркы учурда көйгөйлүү маселелердин бири. Чек ара кызматы тарабынан азыр тажик тарап менен деморкация иштери жүрүп жатат. Мыйзамга ылайык, бизге 50 метр аралыктагы жер болуш керек, ал жакка биз зымдарды тартышыбыз керек. Жол курушубуз керек», - деди ал.

Вице-мэр Эрнис Толтоев делимитация иштери бүткөнүн, деморкациялык иштер жүрөрүн, аны үчүн атайын комиссия келип иштеп, жергиликтүү бийликке тиешелүү тарабынан алар чечерин, андыктан бул маселелер жыйынтыкталгандан киийн гана расмий жооп берилерин кошумчалады. 

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Сактанов жаңы мектеп бүткөндөн кийин окуучулар көчүрүлүп, эски мектептин имараты бакча катары пайдаланыларын билдирди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз