Кыргызстандын волейбол боюнча жаштар курамы Өзбекстанда өткөн чемпионатта кол байгеге ээ болушту
Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар (U-18) курама командасы Өзбекстанда өткөн Азиянын аймактык чемпионатында коло медаль жеңип алды.
Борбор Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) чемпионаты ушул күндөрү Ташкент шаарында төрт команданын катышуусунда өтүүдө.
Абдухамид Айсаходжиев машыктырган Кыргызстандын курама командасы 3-орун үчүн беттеште Тажикстандын теңтуштарына каршы оюн өткөрдү.
Кыргызстандык кыздар биринчи партияда 13:25 эсебинде утулуп калышкан. Бирок андан кийин удаасы менен үч партияны жеңип, жыйынтыгында 3:1 эсебинде жеңишке жетишти.
Мунун жыйынтыгында Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы 3-орунду ээлеп, коло медалдарга ээ болду.
Ал эми Кыргызстандын эркектер курама командасы финалга чыгып, бүгүн Казакстанга каршы ойнойт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

