Кыргызстандык футболчу Нурсултан Алишеров Орусиядагы клубу үчүн дебюттук голун киргизди

Кыргызстандык Нурсултан Алишеров Москвадагы «Спартактын» жаштар курамындагы алгачкы голун киргизди.

Орусиянын жаштар чемпионатынын 10-турунда «Спартак U-19» конокто «Уралдын» теңтуштарына каршы оюн өткөрдү.

Алишеров беттешти негизги курамда баштап, 33-мүнөттө эле голдук пас берүү менен айырмаланды.

Экинчи таймдын 65-мүнөтүндө кыргызстандык футболчу алыстан так сокку узатып, эсепти 3:0 кылды.

Бирок андан кийин «Урал» 11 мүнөттүн ичинде үч гол киргизип, жеңилүүдөн кутулуп кетти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз