Путин Кытайга барды
РФ Президенти Владимир Путин расмий иш сапары менен Кытайга барды.
Пекин аэропортунда аны тышкы иштер министри Ван И тосуп алды.
Тосуп алуу аземинен кийин Путин ардактуу коноктор үчүн «Дяоюйтай» мамлекеттик резиденциясына жөнөдү.
Россия президентинин Кытайга болгон бул сапары эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык байланыштын негизи болгон Кошуналык, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлганынын 25 жылдыгына арналган. Сапардын негизги иш күнү 20-май болот деп күтүлүүдө. Бул күнгө жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жана башка маанилүү иш-чаралар пландалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

