Чүйдө аял киши видео көрүү аркылуу акча табам деп кылмыш ишке аралашып калды
Бишкектин Октябрь райондук соту банктык эсебин алдамчыларга өткөрүп берүүгө айыпталган аялга байланыштуу кылмыш ишин карады.
Ал эмне боюнча айыпталууда?
Чүй облусунун Кемин районунун тургуну социалдык тармактан видеоролик көрүү аркылуу акча табуу тууралуу жарнаманы көргөн. Анда күнүнө 2000 сомго чейин киреше табууга болору айтылган. Шилтеме аркылуу өткөндөн кийин ал мессенжерде өзүн София деп тааныштырган белгисиз адам менен кат алыша баштаган.
Кат алышуу учурунда ага банктык карта ачуу, банктын мобилдик тиркемесин орнотуу, каттоодон өтүү жана эсепке кирүү мүмкүнчүлүгүн үчүнчү жактарга берүү сунушталган. Муну алар электрондук коммерция жүргүзүү үчүн керек деп түшүндүрүшкөн. Анын ордуна аялга түшкөн акчанын 2 пайызы жана күн сайын 5 миңден 10 миң сомго чейин киреше убадаланган.
Эсепке жеткиликтүүлүктү өткөрүп бергенден кийин айыпталуучу өз картасына 300 сом сый акы алган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, кийинчерээк белгисиз адамдар бул банктык эсепти алдамчылык иштерде колдонушкан.
Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр мессенжер аркылуу онлайн соода платформасында акча табууну сунуштап, жабырлануучунун ишенимине кирип, анын акчасын ээлеп алышкан. Жабырлануучу мобилдик банкинг жана QR-код аркылуу айыпталуучунун эсебине 265 миң 199 сом которгон.
Иш кандай жыйынтыкталды?
Сот айыпталуучунун аракеттери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209¹-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту («Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-картаны үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу, ири өлчөмдө зыян келтирүү менен») боюнча Кемин районунун аймагында жасалганын аныктаган.
Ушуга байланыштуу кылмыш иши кароо үчүн Кемин райондук сотуна жөнөтүлдү.
Ал эми айыпталуучуга карата өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


