Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы туннель 1-июнда ачылат

Түндүк—Түштүк альтернативдик унаа жолундагы тоннель аркылуу өтүү 1-июндан тарта ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда сезондук каттамды ачууга даярдык иштери жүргүзүлүп, коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Унаа жолу июнь айынан ноябрь айына чейин ачык болот.

Маалымат үчүн:

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев кыш мезгилинде коопсуздук маселелерине байланыштуу жол жабылып, жайында кайрадан унаалардын өтүүсүнө ачыларын билдирген.

Түндүк—Түштүк альтернативдик жолун толук пайдаланууга берүү жакынкы эки жыл ичинде пландалууда.

Учурда кыймыл коопсуздугун камсыздоо максатында Казарман—Жалал-Абад тилкесинде (1-фаза) беш объект куруу каралууда. Алар: 331,9-чакырым жана 338,4-чакырымдардагы кар көчкүдөн коргоочу галереялар, ошондой эле 332,6-чакырым, 339,1-чакырым жана 339,9-чакырымдардагы эстакадалык көпүрөлөр.

Маселенин тарыхы:

Жолдун жалпы узундугу 453 чакырымды түзүп, Балыкчы шаары менен Жалал-Абад шаарын байланыштырат. Курулуш иштери 2014-жылы башталган. Долбоорду China Road and Bridge Corporation компаниясы ишке ашырууда. Жолдун болжолдуу баасы 1 миллиард долларга жакын деп бааланууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз