Роналду Сауд Арабиясынын футбол боюнча чемпионатын алгачкы ирет утту

Криштиану Роналду карьерасында алгач ирет Сауд Арабиясынын футбол боюнча чемпионатында алтын медаль утту.

41 жаштагы португалиялык чабуулчу ойногон «Аль-Наср» Сауд Арабиясынын Про-лигасынын акыркы турунда өз үйүндө «Дамак» клубун 4:1 эсебинде жеңди. Бул беттеште Роналду дубль жасады.

Роналду жана анын командасы негизги атаандашы «Аль-Хиляль» клубунан 2 упайга озуп кетип, 7 жылдан кийин кайрадан чемпион аталды.

Роналду «Аль-Наср» клубуна 2023-жылдын башында өткөн. Бул чемпиондук анын командадагы алгачкы расмий трофейи болду. 2023-жылдын жай айында клуб Араб клубдарынын чемпиондор кубогун жеңген, бирок ал мелдеш расмий турнир катары саналбайт.

Бир жума мурда «Аль-Наср» Азия чемпиондор лигасынын экинчи дивизионунун финалында япониялык «Гамба Осака» клубуна 0:1 эсебинде утулуп калган.

Кийинки сезондо «Аль-Наср» кайрадан Азиянын Элиталык чемпиондор лигасында ойнойт.

Жакында эле Криштиану Роналду Португалия курама командасынын 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына карата кеңейтилген тизмесине киргизилди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз