Бычак менен башка жаранды коркуткан айдоочу камалды

Чүй облусунда милиция кызматкерлери айдоочулардын ортосундагы жаңжалдан кийин бир жаранды кармашты. Бул тууралуу 21-майда Чүй облустук милициясы билдирди.

21-майда Кемин РИИБге эки айдоочунун ортосунда чыр чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милицияга 2001-жылы туулган У.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Ак-Бекет айылында 1996-жылы туулган Н.Э. «KIA K5» унаасы менен бара жатып бычак менен коркутуп, жолду торогон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Н.Э.ни кармап, Кемин РИИБге жеткиришти жана ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындан тышкары ал башкарып жүргөн «KIA K5» унаасы айып короого токтотулду.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз