Кыргызстанда убактылуу айдоочулук күбөлүк бериле баштайт
Кыргызстанда убактылуу айдоочулук күбөлүктөр киргизилет. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул документ айдоочуларды даярдоо системасын жана күбөлүк берүү тартибин өркүндөтүү максатында кабыл алынган. Эми айдоочулук экзамендерди кабыл алуу эрежелерине жаңы документ түрү — убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк киргизилип, аны алуу жана колдонуу тартиби такталды.
Мындан тышкары, нормативдик актыларда айдоочулук күбөлүктөрдүн классификациясы жаңыртылды. Эми алар:
— улуттук айдоочулук күбөлүк;
— убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк;
— эл аралык айдоочулук күбөлүк болуп бөлүнөт.
Экзамен тапшырууга уруксат берүү талаптарына дагы өзгөртүү киргизилди. Убактылуу күбөлүк алуу үчүн талапкер кеминде 4 ай окуудан өткөнү тууралуу маалымкат тапшырышы керек. Бул маалымкат кагаз түрүндө же мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу электрондук форматта берилет.
Жаңы эрежелерге ылайык:
— убактылуу күбөлүк кеминде 4 ай окуудан өтүп, экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандан кийин берилет;
— документ Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу таризделет;
— ал Кыргызстандын аймагында гана жарактуу болуп, тиешелүү категориядагы унааларды башкарууга укук берет;
— күбөлүктүн үлгүсүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
Убактылуу күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү төмөнкү учурларда токтотулат:
— туруктуу улуттук айдоочулук күбөлүк берилгенде;
— жарактуу мөөнөтү бүткөндө;
— мыйзамга ылайык унаа башкаруу укугунан ажыратылганда.
Убактылуу айдоочулук күбөлүк 6 айга берилет жана анын мөөнөтү узартылбайт.
Эгер айдоочу бул мөөнөт ичинде жол кыймылынын эрежелерин үч же андан көп жолу бузбаса, анда ага туруктуу улуттук айдоочулук күбөлүк берилет.
Ал эми үч же андан көп жол эрежесин бузган учур аныкталса, убактылуу күбөлүк жана окуудан өткөнү тууралуу маалымкат жокко чыгарылат. Мындай учурда талапкер кайрадан толук окуудан өтүүгө милдеттүү болот.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


