Ош: Акча алмаштыруучу жайдагы окуя боюнча милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталды
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы Ош шаарындагы адам өмүрү кыйылган окуя боюнча милиция кызматкерлерине карата кызматтык териштирүүнү баштады, деп билдирди 25-майда «АКИpress» редакциясына ИИМдин басма сөз катчысы Султан Макилов.
«Жыйынтыгын кийинчерээк кабарлайбыз», - деди Макилов.
Буга чейин «Turmush» сайты Ош шаарында акча алмаштыруучу жайдын ээси бычакталып каза болгонун жазган.
24-майда Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жарандар тарабынан кабар келген. Анда саат 18:15де Амир Тимур көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайга белгисиз адам кирип, акча алмаштыруучу жайдын ээсине бычак сайып жаткандыгы кабарланган.
1992-жылы туулган М.Х. оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми кылмышка шектүү кармоо учурунда жанын кыюуга аракет жасаган. Бирок милиция кызматкерлери колундагы бычакты алышкан.
Шектүү 1988-жылы Өзгөн районунда туулган Т.Н. аттуу жаран болгон. Аны тинтүү учурунда 37 500 сом акча, эки даана «Самсунг» үлгүсүндөгү телефон жана бир даана 100 граммдык спирттик ичимдигинин бош бөтөлкөсү алынган.
Т.Н. башына кара кепка, бетине медициналык көк түстөгү бет кап кийип, М.Х. отурган жерге кирип барып, бычак алып чыгып, М.Х.нын денесине туш келди сайып, андан соң акча алмаштыруучу жайдын кийинки бөлмөсүнө кирип, колуна акча алып чыккандыгы аныкталды.
Ош шаардык ооруканасынын берген маалымы боюнча, М.Х. операция жасалып жаткан учурда каза болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

