Температура +35 градуска чейин ысыйт. Бир аптага карата аба ырайы

«Ventusky» кызматынын маалыматы боюнча, май айынын аягында жана июнь айынын башында Борбор Азияда 26-майдан 1-июнга чейин биринин артынан бири өткөн бир катар муздак атмосфералык фронттор байкалат. Алар убактылуу температураны төмөндөтүп, жаан-чачын алып келет.

29-30-майга карата фронталдык чек ара чыгышка жылып, кыска мөөнөттүү тыныгуу болот, бирок 31-майдан 1-июнга чейин циклондук активдүүлүктүн кайрадан күчөшү күтүлүүдө.

Эң жогорку температура Манас, Ош жана Баткенде болору болжолдонууда.

Манаста термометрдин көрсөткүчү 31-майда +35°Cге чейин көтөрүлөт. Ошто 30-майдан 1-июнга чейин +33-34°C жылуулук күтүлөт. Баткенде абанын температурасы 4-5-июнга чейин +28-32°Cге чейин жылыйт.

Ошону менен бирге түштүк аймактарда жаан-чачын да болот: Ошто 28-майда 3,8 мм жана 3-июнда 8,2 мм чейин жаан жаашы мүмкүн. Манаска 28-майда 11,4 мм жаан түшөт. Жаан-чачын негизинен күн күркүрөө менен коштолуп, шамалдын ылдамдыгы 36-40 км/саатка жетет.

Бишкекте температура 29-майдан тартып 5-июнга чейин +35°Cге чейин жогорулайт, түнкүсүн +12ден +20°Cге чейин болот. Жаан-чачын негизинен шаршемби күнү, 27-майда (8,6 мм) жаайт. Шамал орточо ылдамдыгы 32 км/саатка чейин жетет.

Талас апта ичинде шамал көп күтүлгөн аймак: 29-30-майда шамалдын ылдамдыгы 43–50 км/саатка чейин күчөйт. Күндүзгү температура +22…+29°C болуп, жагымдуу болот.

Нарында абанын температурасы +14-15°C болуп, жаан-чачын күтүлөт — 26-майда 5,2 мм жана 30-майда 9,1 мм. 6-июнга карата +26°Cге чейин акырындык менен жылыйт. Шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 50–58 км/саатка (1-2-июнда) жетет.

Чолпон-Атада 1-июндан 4-июнга чейин кескин суук болот — күндүз +12-13°C жана түнкүсүн +4-7°C. Бул тоолордон келген муздак абанын таасири болушу мүмкүн. 6-июнга карата жылуулук кайтып келет. 7-июнда 13,2 ммге чейин катуу жаан жаашы болжолдонууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз