Эркин күрөш боюнча кыздар курамасы Азия чемпионатында 4-орунду камсыздады

Гүлнура Таштанбекова.

Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы Вьетнамда өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия чемпионатында 4-орунду ээледи.

23 жашка чейинки балбандар катышкан мелдеш ушул күндөрү Вьетнамдын Дананг шаарында өтүүдө.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар 24–25-май күндөрү уюштурулуп, жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулду. Кыргызстан намысын 9 балбан кыз коргоду.

Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 4 медаль — 1 алтын жана 3 коло байге жеңип алып, 126 упай топтоо менен 11 команданын арасында 4-орунга жайгашты.

Салмак категориялары боюнча жыйынтык:

53 кг чейин

5-орун — Азиза Келдибекова

55 кг чейин

4-орун — Арууке Кадырбек кызы

57 кг чейин

* 3-орун — Танчолпон Кыбалбекова

59 кг чейин

4-орун — Акылай Чыныбаева

62 кг чейин

4-орун — Калмира Билимбекова

65 кг чейин

3-орун — Гүлнура Таштанбекова

68 кг чейин

5-орун — Меруерт Октябрева

72 кг чейин

1-орун — Кайыркүл Шаршебаева

76 кг чейин

3-орун — Айжаркын Жаныбекова.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз