Дзюдо боюнча Кыргызстандын курамасы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи
Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайда өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээледи.
Мелдеш Ордос шаарында өттү.
Командалык мелдештер 19-апрелде 10 курама команданын катышуусунда уюштурулду. Ар бир команда 6 спортчудан түзүлдү: 3 эркек (73 кг чейин, 90 кг чейин жана 90 кгдан жогору) жана 3 аял (57 кг чейин, 70 кг чейин жана 70 кгдан жогору).
Кыргызстандын курамында 70 кгдан жогору салмак категориясында кыздар болгон эмес. Ошондуктан команда ар бир беттешти 0:1 эсебинде утулуп баштап жаткан.
1/4 финалда кыргызстандыктар Тажикстандын командасын 4:2 эсебинде жеңишти. Бирок жарым финалда Монголиянын курамасына 0:4 эсебинде утулуп калышты.
Жубатуучу турнирдин биринчи айлампасында Кыргызстан Индиянын командасын 4:2 эсебинде жеңип, 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Коло медаль үчүн беттеште кыргызстандыктар Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен жолукту.
Алты кармаштан кийин эсеп 3:3 болуп тең чыкты. Кыргызстандын курамынан Алина Молдокулова (70 кг чейин), Эржан Канатбеков (90 кг чейин) жана Эмирхан Жолдошказиев (100 кгдан жогору) жеңишке жетишти.
Мындай учурда чечүүчү кармашка ким чыгарын аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүлөт. Жетинчи кармашка татамиге Алина Молдокулова чыгып, кайрадан жеңишке жетти.
Жыйынтыгында Кыргызстан 4:3 эсебинде жеңип, коло медалга ээ болду.
Бул — Кыргызстандын дзюдочулары үчүн Азия чемпионатынын командалык мелдешинде тарыхтагы алгачкы медаль болду.
Өткөн жылы кыргызстандык дзюдочулар Сауд Арабиясында өткөн Ислам оюндарынын командалык мелдешинде да коло медаль уткан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

