Зеленский Трампка кат жолдоп, абадан коргонуу системасы үчүн ракеталарды сурады

Украинанын президенти Владимир Зеленский Дональд Трамптан жана АКШ Конгрессинен «Patriot» абадан коргонуу системалары жана башка комплекстер үчүн ракеталарды тез арада берүүнү суранды, деп жазат "Баракелде" басылмасы.

Зеленский «Patriot» Россиянын баллистикалык ракеталарынан коргонууда эң натыйжалуу каражат экенин белгилеп, Украинадагы азыркы кор жаңы чабуулдарга жооп кайтарууга жетпей калышы мүмкүн деп кооптонууда.

Зеленский 24-майга караган түнү Россия Киевге дрон жана ракеталар менен массалык сокку урганын, андан кийин жаңы «системалуу» соккулар болорун жарыялаганын эске салды.

Украина «Patriot» системаларын жана алар үчүн ракеталарды сатып алууга даяр. Мындан тышкары, Украина АКШга дрондор боюнча «Drone Deals» форматында кызматташууну сунуштады. Кийин Зеленский Трампка жана Конгресске атайын кат жөнөткөнүн ырастады. Ал Ирандагы согушка көңүл бурулуп жатканына карабай, Европадагы согушту да унутпоо маанилүү экенин айтты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз