CAVA-2026: Кыргызстандын аялдар курама командасы Шри-Ланканы жеңди

Кыргызстандын аялдар волейбол курамасы Непалда өтүп жаткан Азиянын зоналык чемпионатында үчүнчү жеңишине жетишти.

Борбор Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) чемпионаты учурда Катманду шаарында өтүп жатат. Турнирге 8 команда катышууда.

27-май күнү Евгений Николаев жетектеген Кыргызстандын курамасы Шри-Ланканын командасына каршы оюн өткөрүп, 3:1 эсебинде жеңишке жетти.

Буга чейин кыргызстандык волейболчу кыздар Мальдив жана Бангладеш курамаларын тең 3:0 эсебинде уткан.

Кыргызстан — Шри-Ланка — 3:1
(15:25, 25:23, 25:23, 25:15).

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз