Бишкекте бири-бирин тапанча менен коркуткан жигиттер кармалды

Бишкекте бейбаштыкка шектелгендер кармалды, деп билдирди 28-майда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы.

27-майда социалдык тармактарда курал колдонулган делген мушташтын видеосу тараган. Бул факты боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери 2000-жылы туулган А.М. жана 1997-жылы туулган К.И. аттуу шектүүлөрдү кармашты. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалгандардын биринен оюнчук тапанча табылган.

Мындан тышкары, мушташка катышы бар башка адамдар да аныкталды. Алардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз