Президент Аида Салянованы кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенти Аида Салянованы кабыл алды. Президенттин администрациясы жолугушуу болгонун тастыктады, бирок кайсы маселелер талкууланганы тууралуу маалымат берген жок.

«Бир кезде, мен башкы прокурор болуп иштеп турганда, өлкөнүн азыркы президенти кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Жылдар өттү. Менин оюмда бүгүн кайсы бир кызматка барсам дагы, президент Садыр Нургожоевич буга каршы болот деп ойлогом. Таң калтырганы анын эски таарынычтарды эстебей, мени колдогону болду. Көптөр буга ишене алышпайт. Мен өзүм да көпкө чейин ишенген жокмун. Анткени мен өз позициямдан эч качан тайган эмесмин. Мен бул кадамды өзгөчө чын жүрөктөн кабыл алдым. Бул чындап эле күчтүү шахматтык жүрүшкө окшош. Саясий маданияттын жана мамлекеттик ой жүгүртүүнүн жаңы деңгээлин орноткон жүрүш», - деп билдирүү калтырды Салянова социалдык тармактагы жеке баракчасында.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз