Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы дүйнөлүк рейтингде 63-орунга чыкты

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы дүйнөлүк рейтингде 63-орунга чыкты.

Май айынын аягында кыргызстандык команда Непалда өткөн Борбор Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) чемпионатында 8 команданын ичинен 5-орунду ээледи.

Кыргызстандык спортчулар Мальдив аралдарын (3:0), Бангладешти (3:0) жана Шри-Ланканы (3:1) жеңип, Индияга (0:3) жана Непалга (0:3) утулуп калышкан.

Жаңыланган дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын курамасы 63-орунду, ал эми Азия өлкөлөрүнүн арасында 11-орунду ээлейт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз