Мыктыбек Оролбай уулу UFC менен келишимин узартты
Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюму менен жаңы келишим түзүп, контрактын узартты.
28 жаштагы кыргызстандык спортчу дүйнөдөгү эң абройлуу аралаш мушташ уюмундагы дебютун 2023-жылдын 18-ноябрында жасаган. Ал турнирдин башталышына болгону 5 күн калганда кыска мөөнөттүү чакырууну кабыл алып, октагонго чыккан.
Алгачкы беттешинде Оролбай уулу америкалык Урош Медичди сейрек колдонулган моюн рычак сымал муунтуп жеңишке жетишкен.
Беттештин алдында анын машыктыруучусу Тынчтыкбек Өмүрзаков UFC менен төрт беттешке эсептелген келишим түзүлгөнүн билдирген.
Медичти жеңгенден кийин Мыктыбек Оролбай уулу калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен Элвес Бренерди да уткан. Бирок андан кийинки беттешинде Матеуш Ребецкиге жеңилип калган.
Кыргызстандык мушкер бул жеңилүүнүн ордун үч ирет катары менен жеңишке жетүү менен толуктаган. Ал Тофик Мусаевди, Джек Херманссонду жана Крис Кертисти жеңген.
«UFC менен үчүнчү келишимиме кол койдум. Алга, Кыргызстан!» — деп жазды Мыктыбек Оролбай уулу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

