Бишкек: Чет элдик жаранды өлтүрүүгө шектелгендер Таиланддан кармалышты

Бишкекте чет элдик жаранды өлтүрүүгө шектелген эки адам Кыргызстанга жеткирилди, деп маалымдады Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

2026-жылдын апрель айында милицияга Бишкекте 1963-жылы туулган Ж.Ч. аттуу чет элдик жаран дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. 20-апрелде кечинде анын сөөгү Аламүдүн районунун Арчалы айылындагы капчыгайдан табылган. Ал киши колдуу болгон.

Буга чейин Бишкек ШИИББдин кызматкерлери төрт шектүүнү кармашкан. Тайланддын Борбордук иликтөө бюросунун жана Пхукеттин иммиграциялык полициясынын өз ара аракеттешүүсү менен 2000-жылы туулган Р.А. жана 2000-жылы туулган Н.А. кармалган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, кыргызстандык эки жараан өлкөдөн чыгып кетип, Тайландда жашырынышкан. Алар мекенине экстрадициялангандан кийин №21 тергөө абагына киргизилди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз