Футбол чемпионаты башталууда. Эмнелер белгилүү болду?
Футбол боюнча Дүйнө чемпионаты башталаар алдында турат. АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган бул мундиалдын жадыбалы жарыяланды. Алгачкы оюн 12-июнда Мексика менен Түштүк Африканын ортосунда болмокчу. Беттеш Мексиканын борбору Мехикадагы 105 миң адам бата турган легендарлуу «Ацтека» стадионунда болот. Бул стадион тарыхта үчүнчү жолу мундиалдын ачылыш оюнун кабыл алып жаткан алгачкы арена болууда.
Бул жолку дүйнөлүк мелдеш 48 улуттук курама команданын катышуусунда үч өлкөдө өтөт. Бул мамлекеттердин 16 шаарындагы стадиондордо акыркы финалдык ышкырыкка чейин жалпысынан 104 оюн болот.
Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясы (ФИФА) бул мундиалда үч жолу ачылыш аземи өтөөрүн билдирген. Тактап айтканда, турнирди кабыл алып жаткан ар бир өлкөдөгү биринчи оюндун алдында бирден салтанат өткөрүлөт.
Чемпионат ушул жылдын 11-июнунан, 19-июлуна чейин өтөт. Финалдык беттеш АКШнын Нью-Жерси штатындагы «Метлайф-стэдиумда» болот.
Ал арада чемпионаттын кубогу шаан-шөкөт менен коштолуп, АКШнын Нью-Йорк шаарына жетирилди.
Жаңы катышуучулар
Аталган чемпионат бир катар мамлекеттер үчүн тарыхый мелдеш болуп жатат. Анткени мундиалга төрт улуттук курама алгачкы жолу жолдомо алды, алар — Өзбекстан, Йордания, Кабо-Верде жана Кюрасао мамлекеттери.
FIFAнын маалыматына ылайык, 48 команда катыша турган жаңы формат көптөгөн өсүп келе жаткан футбол өлкөлөрүнө мүмкүнчүлүк ачты. Өзгөчө Өзбекстан, менен Йордания Азия чөлкөмүндө күчтүү оюн көрсөтүп, тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпионатына чыкты.
Африкадагы арал мамлекет Кабо-Верде Республикасы дагы өз тарыхындагы алгачкы жолдомону жеңип алды. Ал эми Нидерланддар Падышалыгынын курамына кирген Түштүк Кариб деңизинин түштүк бөлүгүндө жайгашкан Кюрасао мамлекети болсо, дүйнө чемпионатына чыккан эң кичинекей мамлекеттердин бири болуп калды.
Ал эми учурда Кыргызстандагы эле эмес, Борбор Азия бардык мамлекеттердин футбол күйөрмандары Өзбекстандын курама командасын чын дилден колдоп жатат.
Кайсы команда канча млн доллар алат?
Бул жолку чемпионатта FIFA – улуттук курама командаларга рекорддук сумма бекитти. Ага ылайык, жалпы сумма 727 миллион АКШ долларын түзүп, бул 2022-жылкы Катардагы мундиалга салыштырмалуу 50 пайызга көбөйтүлгөн.
Тактап айтканда, мундиалга жолдомо алган 48 команда арасында 655 миллион доллар – байге катары бөлүштүрүлөт. Дүйнө чемпиону болгон курама 50 млн $ алса, финалда утулган командага 33 млн $ берилет. Үчүнчү орун үчүн 29 миллион, төртүнчү орун үчүн 27 млн $ каралган.
Мындан тышкары, дүйнө чемпионатына жолдомо алган ар бир курама даярдык чыгымдары үчүн дагы 1,5 миллион доллардан алат. Натыйжада турнирге катышкан ар бир улуттук курама кеминде 10,5 миллион доллар табат.
Кийинчерээк FIFA каржылык пакет дагы көбөйтүлүп, жалпы бөлүштүрүү дээрлик 900 миллион долларга жетиши мүмкүн экенин да билдирген.
2022-жылдагы мундиалда ким канча акча алган?
Леонел Месси баш болгон Аргентинанын улуттук курама командасынын футболчулары жеңүүчү болгон 2022-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында кайсы команда канча акча каражатын алышкан?
А.Каракозуев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.








