Кыргызстандык балбандар Монголияда өткөн рейтингдик мелдештин биринчи күнүндө эле 5 медалга ээ болушту
Кыргызстандын балбандары Монголияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча рейтингдик турнирдин биринчи күнүндө беш медаль жеңишти.
Ulaanbaatar Open турнири 4-июнда Монголиянын Улан-Батор шаарында старт алды. Мелдештин алгачкы күнүндө грек-рим күрөшү боюнча жети салмак категориясында медалдар ойнотулду.
Кыргызстандан күч сынашкан алты балбан бир күмүш жана төрт коло медаль утууга жетишти.
Жыйынтыктар:
72 кг салмакта
- Жантөрө Мирзалиев — 3-орун
- Аманат Самат уулу — 3-орун
- Амантур Исмаилов — 7-орун
77 кг салмакта
- Бекзат Орункул уулу — 3-орун
82 кг салмакта
* Имур Темирбеков — 3-орун
87 кг салмакта
- Азат Салидинов — 2-орун
Ошентип, мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгында кыргызстандык балбандар беш медаль жеңип, турнирди ийгиликтүү башташты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

