Жантөрө Мирзалиев 20 жашка чейинки курактагылар арасында грек рим боюнча дүйнөнүн чемпиону болду

Спортчу Жантөрө Мирзалиев Кыргызстан атынан чыгып, 20 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Ал 67 кг салмактагы категорияда күч сынашты.
 
Кыргызстандык балбан мелдешти Беларусия менен Швейцариянын өкүлдөрүн мөөнөтүнөн мурда жеңүү менен баштап, андан соң ирандык спортчуну утуп, жарым финалга чыкты.
 
Жарым финалда Мирзалиев өзбекстандык балбанды жеңип, финалда 2024-жылкы жаштар арасындагы Орусиянын чемпионун утуп, чемпион болду.
 
Бир ай мурун эле Мирзалиев Бишкекте өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында (U-20) дагы алтын медаль тагынган.
 
67 кг салмак категориясы
 
1/16 финал
Жантөрө Мирзалиев – Игорь Зварыкин (UWW) — 9:0, 2:06 мүнөттө
 
1/8 финал
Жантөрө Мирзалиев – Сая Робин Брюннер (Швейцария) — 8:0, 1:37 мүнөттө
 
1/4 финал
Жантөрө Мирзалиев – Голамреза Хоссейн Абдовали (Иран) — 5:3
 
1/2 финал
Жантөрө Мирзалиев – Фаёзбек Эшмирзаев (Өзбекстан) — 5:3
 
Финал
Жантөрө Мирзалиев – Эрзу Закриев (UWW) — 4:2

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз