Зеленский Путинге кат жазды

Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн расмий сайтына Владимир Путинге багытталган ачык кат жарыялады. Анда ал фронттун бүткүл тилкесинде ок атышууну токтотууну жана эки өлкөнүн лидерлеринин нейтралдуу аймакта жеке жолугушуусун өткөрүүнү сунуштаган.

«Украинанын лидери үчүн сиздин борбордо, ал эми Орусиянын лидери үчүн Киевде жолуга турган эч нерсе жок. Согуш жана тынчтык маселелерин чечүү үчүн лидерлерди кабыл алып келген өлкөлөр бар. Швейцария, Түркия, араб дүйнөсүндөгү мамлекеттер – мындай жолугушууну өткөрүүгө даяр жана кызыкдар. Негизги маселелерди дал ушул мамлекет башчылары чечет, буга чейин да ушундай болгон жана мындан ары да ошондой болот», — деп жазган Зеленский.

Ал Украина дипломатиялык процессти баштоо үчүн согуштук аракеттерди толугу менен токтотууга даяр экенин билдирип, ок атышууну токтотуу режимин көзөмөлдөөнү АКШ камсыздай аларын белгилеген.

Катта Зеленский ошондой эле туткундарды «баарын баарына» формуласы боюнча алмашууну, ошондой эле чыгарылып кеткен бардык жарандык адамдарды жана балдарды кайтарууну сунуштаган.

Украина президентинин айтымында, май айында орус армиясы 30 миңден ашуун адамынан айрылган. Алардын 63 пайызы каза болуп, 37 пайызы оор жаракат алган. Ошондой эле ал Орусия коомчулугу бешинчи жылга аяк баскан согуштан чарчап бара жатканын белгилеген.

«Орусиялыктардын берилгендигин сатып алуу үчүн сизде мындан ары жетиштүү акча да, саясий күч да болбойт», — деп жазган Зеленский. Ал күйүүчү май тартыштыгын, баалардын өсүшүн жана жарандардын согушту улантууга болгон каалоосунун азайышын мисал келтирген.

Мындан тышкары, Зеленский Киевде Москванын согушту 2027–2028-жылдары да улантуу пландары тууралуу маалыматтар бар экенин билдирген.

Украина лидери согуш аракеттери Орусиянын аймагына да өткөнүн айтып, Путинди Түндүк Кореядан жардам суроого аргасыз болгон жана Кытайга көз карандылыгы күчөгөн биринчи орус лидери деп атаган.

Ал эгер Путин согушту токтотпосо, Украина күрөштү уланта берерин белгилеп, Орусиянын тарыхында согуштан чарчоо саясий өзгөрүүлөргө алып келген учурлар болгонун эске салган.

«Бул менин же Украинанын коркутуусу эмес. Бул — Орусиянын тарыхындагы фактылар. Сиздин согушуңуз Украина менен Орусияны түбөлүккө бөлүп койду. Азыркы фронт сызыгы дипломатия баштала турган чек болушу керек», — деп жазган Зеленский.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига бул кат дипломатиялык каналдар аркылуу расмий түрдө Орусия тарапка жөнөтүлөрүн билдирген.

«Бул ачык кат — согушту токтотуу боюнча олуттуу жана мазмундуу сунуш. Ал Украинанын президентинен түздөн-түз Орусия Федерациясынын президентине жолдонду. Анда так жана ишке ашырууга мүмкүн болгон кадамдар, ошондой эле жеке жолугушууга чакыруу камтылган», — деп жазган Сибига X социалдык тармагындагы баракчасында.

Министр Киев бул сунуш боюнча Москвадан мазмундуу жана расмий жооп күтүп жатканын кошумчалады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз