Сезим Жуманазарова АКШнын күрөш лигасы менен келишим түздү
Кыргызстандык спортчу Сезим Жуманазарова АКШнын күрөш лигасы — «Orka Wrestling League» менен келишим түздү, деп жазат "Баракелде" басылмасы.
«Orka Wrestling League» — профессионалдык командалык күрөш таймашы.
Лига регулярдуу сезондо турнирдик таблица, плей-офф жана чемпионат менен таймашкан 8 күчтүү эл аралык команданы бириктирет.
Лига профессионалдык командалар бири-бири менен үзгүлтүксүз таймашкан 8 өлкөдө иштейт.
Бул лигада ошондой эле дүйнө чемпиону Азамат Даулетбеков жана Казакстандан Гүлмарал Еркебаева бар.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

