ШКУ өлкөлөрү Кыргызстандын текстиль кластерин түзүү демилгесин колдошту, - Экономика министрлиги
Кыргызстандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин бирдиктүү текстиль кластерин түзүү боюнча макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу демилгеси ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай министрлеринин IV кеңешмесинин катышуучулары тарабынан бир добуштан колдоого алынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешме 2026-жылдын 5-июнунда Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда өттү.
Жыйынга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков төрагалык кылды.
Анын айтымында, жолугушуу ишкер жана конструктивдүү маанайда өтүп, өнөр жай кооперациясын жана технологиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
«Бүгүнкү күндө ШКУ алкагындагы өнөр жай кызматташтыгы сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө. Жетишилген макулдашуулар биргелешкен өндүрүш долбоорлорун ишке ашырууга, технология алмашууну кеңейтүүгө, логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана улуттук экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга бекем негиз түзөт», — деди Бакыт Сыдыков.
Кеңешменин жыйынтыгында делегация башчылары Биргелешкен коммюникеге жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV кеңешмесинин Протоколуна кол коюшту.
Коммюникеде катышуучулар өз ара ишеним, тең укуктуулук, өз ара пайдалуу кызматташтык жана биргелешкен өнүгүү принциптерине берилгендигин ырасташты. Ошондой эле жарандык өнөр жай инфраструктурасынын туруктуу экономикалык өсүш жана туруктуулук үчүн стратегиялык мааниси өзгөчө белгиленди.
Тараптар өнөр жай кооперациясын активдештирүүгө, индустриалдык парктар менен атайын экономикалык аймактардын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө, алдыңкы технологиялар жана жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө макул болушту.
Мындан тышкары, кеңешменин катышуучулары экологиялык жактан туруктуу жана ресурстарды үнөмдүү пайдаланган өнөр жайды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча да макулдашышты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

