Жоламан Шаршенбеков Монголиядагы мелдештен кийин дүйнөлүк рейтингге кайтты

Кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингге кайтып келди.

Эки жолку дүйнө чемпиону 10 айдан кийин Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасына кайтып келип, Моңголияда өткөн рейтингдик турнирде жеңишке жетти.

Ал 5-июнда 63 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, беш беттештин төртөөсүндө жеңишке жетип, алтын медалга ээ болду.

Алтын медаль менен бирге Шаршенбеков 8000 упай алды. Муну менен ал дароо 59 спортчунун ичинен 31-орунга көтөрүлдү.

Бул салмак ченинде Молдовадан келген Виталий Ерёменко лидерлик кылууда.

 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз