Камчыбек Ташиев менен Зулушев сотко келишти
11-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бийликти басып алууга даярдык көрүү боюнча сот процеси уланууда.
Жыйын жабык эшик артында судья Азирет Медеровдун төрагалыгы алдында өтүүдө.
Отурумга Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле камакка алынган беш саясатчы — Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Курсан Асанов "СИЗО-1ден" алып келинди.
Зулушев жана Тургунбек уулу милиция кызматкерлеринин «Киа Карнивал» унаасы менен келишти. Буга чейин алар жөө басып өтүшчү жана журналисттерге суроо берүүгө мүмкүндүк берчү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

