АКШ Иранга кайрадан сокку жолдоду. Иран аймактагы АКШнын аскердик базаларын аткылады
АКШнын куралдуу күчтөрү 10-июнда кечинде Ирандагы буталарга сокку урууну жандандырды. «Бул соккулар Ирандын негизсиз уланып жаткан агрессиясына жооп болуп саналат», - деп белгиленет АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) X соцтармагындагы билдирүүсүндө.
Ага чейин эле Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Иранга жаңы чабуулдар болорун жарыялаган. «Трамптын билдирүүлөрүнөн кийин АКШнын коргоо министри Пит Хегсет дагы Тегеранды жаңы соккулар менен коркутуп, жарыяланган чабуулдардын максаты согушту жандандыруу эмес, келишим түзүү үчүн шарттарды түзүү экенин белгиледи», - деп билдирет «Deutsche Welle».
Ирандын «IRNA» маалымат агенттиги Минаб жана Сирик шаарларынын аймагында жарылуулар болгонун кабарлады. «Reuters» агенттигинин маалыматы боюнча, Перс булуңунун жээгиндеги Бендер-Аббас шаарындагы аэропорттун жана аскердик базанын жанында, ошондой эле Горган порт шаарында да жарылуулардын үнү угулган.
Жаңы соккуларга жооп катары Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдө жана Иорданияда жайгашкан америкалык аскердик базаларга баллистикалык ракеталарды колдонуу менен чабуул жасаган.
«Ислам революциясынын сакчылар корпусуэки толкундуу операция өткөрүп, «Аль-Салем», «Ахмад-аль-Жабер» жана «Шейх-Иса» авиабазаларындагы 18 бутаны талкалады», - деп билдирди «Press TV» телеканалы.
Бахрейндеги АКШ базасында байланыш антенналары жана Patriot системаларынын радиолокациялык каражаттары чабуулга кабылганы кабарланууда.
Кувейт армиясынын маалыматына ылайык, өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү ишке киргизилген. Бахрейнде сиреналар кайрадан жаңырганын «dpa» агенттиги билдирди.
Мындан тышкары, ирандык аскерлер Ормуз кысыгы толугу менен жабылганын жарыялашты. Ирандын билдирүүсүнө ылайык, кысык аркылуу өтүүгө аракет кылган кеме аткыланат. Ислам Республикасы бул чараны америкалык соккулардан кийин коопсуздук чөйрөсүндөгү өзгөргөн кырдаал менен түшүндүрдү. Көп өтпөй Ирандын мамлекеттик телеканалы аскерлер эки кемеге карата ок ачканын кабарлады.
Бирок АКШнын Борбордук командачылыгы Ормуз кысыгындагы америкалык аскердик кемелерге чабуул жасалганы тууралуу кабарларды четке какты.
«Бир дагы кеме соккуга кабылган жок», - деп белгилешти CENTCOM'до жана ирандык ЖМКлардын билдирүүлөрүн жалган деп аташты.
Америка Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) Ормуз кысыгын жабуу тууралуу билдирүүсүн да четке какты.
«Коммерциялык кемелер Ормуз кысыгы аркылуу кирип жана чыгып жатышат», - деп белгилешти CENTCOM'до.
Шаршембиде Трамп өзүнүн социалдык тармагында: «Алар өздөрү үчүн эң сонун боло турган келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү өтө эле создуктурушту, эми мунун кесепетин тартууга туура келет!!!», - деп жазды. Трамп Иран аскердик жактан толугу менен талкаланганын дагы бир жолу билдирди.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Бакаи АКШны бири-бирин төгүндөгөн билдирүүлөрү, позициясын жана талаптарын тынымсыз өзгөрткөнү жана эң жаманы, элдешүүнү тынымсыз бузганы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө зыян келтирип жатат деп айыптады.
Бакаинин айтымында, Иран азыр жаңы кырдаалды баалап жатат жана ошол эле учурда сүйлөшүүлөр үчүн жок дегенде минималдуу туруктуулук керек деп эсептейт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

