Австралия Түркиянын курамасын жеңди
Австралиянын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатында Түркиянын футбол боюнча курама командасын жеңип алды.
D тайпасынын биринчи турунун беттеши 14-июнда АКШда өттү.
Австралиялыктар ар бир таймда бирден гол киргизип, 2:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Бул тайпанын башка беттешинде АКШнын футбол боюнча курама командасы Парагвайды 4:1 эсебинде уткан.
Экинчи турда 19-июнда АКШ Австралия менен ойнойт, ал эми Түркия 20-июнда Парагвайга каршы беттеш өткөрөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

