ДЧ: Бразилия упай жоготту, Катар сенсация жаратты, Гаити минималдуу эсепте утулуп калды

АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпиондугунда тайпалык этаптын биринчи турунун оюндары уланууда.

С тайпасында Бразилия менен Марокко 1:1 эсебинде тең ойноп, упай бөлүшүштү.

Тайпанын лидерлигине Гаитини 1:0 эсебинде уткан Шотландиянын курама командасы чыкты.

В тайпасындагы Швейцария курамасы кошумча убакытта Катарды жеңип алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды. Катар абдан тез гол өткөрүп жиберди, бирок оюндун аягында гол киргизип, 1:1 эсебинде тең чыгууга жетишти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз