Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Ливанды 3:0 эсебинде утту
Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Филиппинде өтүп жаткан Азия Кубогунда Ливан курамасын утту.
12 команда катышкан турнир бул күндөрү Кандон шаарында өтүүдө.
Кыргызстандыктар тайпалык этапта «А» тайпасында 6-орунду ээлеп, бардык 5 беттеште жеңилүү ызасын тарткан.
13-июнда Кыргызстандын курамасы «В» тайпасында 6-орунду ээлеген Ливан менен ойноду.
Кыргызстандын курамасы 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

