ДЧ: 17-июнда Месси, Роналду, Мбаппелер ойношот

АКШ, Канада жана Мексикада футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык этабынын биринчи турунун оюндары уланууда.

17-июнга беш оюн пландалган.

Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө Нью-Жерсиде Франция Сенегалга каршы ойнойт. 

Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 4тө Массачусетсте Ирак жана Норвегия курама командаларынын оюну башталат.

Саат 7де Канзас-Ситиде дүйнөнүн азыркы чемпиондору Аргентина курамасы Алжирге каршы ойнойт.

Оюн күнүн Санта-Кларадагы Австрия жана Иордания курамаларынын беттеши жабат. Бул оюн Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө башталат.

Хьюстондогу Португалия жана Конго курамаларынын беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө болот.

17-июнга карата оюндардын жүгүртмөсү:

01:00 Франция - Сенегал

04:00 Ирак - Норвегия

07:00 Аргентина - Алжир

10:00 Австрия - Иордания

23:00 Португалия - Конго.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз