Сауд Арабиясы, Иран, Египет атаандаштары менен тең ойношту
Сүрөт: Ирандын оюнчусу Мохаммад Мохеби.
АКШ, Мексика жана Канадада өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында тайпалык этаптын биринчи турунун оюндары уланууда.
16-июнга караган түнү G жана H тайпаларында дагы үч оюн болуп өттү.
Сиэттлде (АКШ) Бельгия жана Египеттин курама командалары ойноду. Африкалык команда бул оюнда эки топ киргизди — алгач атаандашынын дарбазасына, андан кийин өзүнүн дарбазасына. Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Сауд Арабиясы бул турнирдеги азиялык командалардын трендин улантып, Уругвай менен болгон оюнда жеңилген жок. Сауд арабиялыктар эсепти биринчи ачып, 80-мүнөткө чейин алдыда баратышкан, бирок жеңишти сактап кала алышкан жок — 1:1.
Оюн күнүн Калифорнияда өткөн Иран менен Жаңы Зеландиянын курама командаларынын беттеши жыйынтыктады. Элайжа Генри Жаст 2 голу менен жаңы зеландиялыктарды алдыга чыгарган, бирок ирандыктар эки жолу тең эсепти теңей алышты — 2:2.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

