Аскар Акаев Ысык-Көл форумуна катышууда

Чолпон-Атада өтүп жаткан Ысык-Көл эл аралык форумунун ишине Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев катышууда.

Аны менен түшкөн сүрөттөрдү форумдун башка катышуучулары социалдык тармактарга жарыялашууда.

Форумдун ачылышы кечээ кечинде «Рух ордо» маданий борборунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда болду.

Ачылышка чакырылгандардын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбеков да байкалды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз