2026-жылы пенсия үчүн минималдуу иш тажрыйбасы өзгөрөт
2026-жылы пенсияга чыгуу үчүн минималдуу иш стажы өзгөрөт, – деп билдирди Соцфонддун өкүлү Жеңиш Мукамбетов «Биринчи радио» эфиринде. Бул тууралуу "АКИпресс" басылмасы жазды.
Анын айтымында, жаңы мыйзамга ылайык, аялдар жана эркектер үчүн талап кылынган стаж 5 жылды түзөт. Аялдар 58 жашка, эркектер 63 жашка жеткенде, ушул стаж менен пенсияга чыга алышат.
«Бул норма 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот, ал эми 2026-жылдын 1-январынан тарта талап кылынган стаж 6 жыл болуп, бир жылга көбөйөт. Андан ары стаж жыл сайын бир жылга көбөйүп, 2045-жылга чейин 20 жылга жетет», – деди ал.
Мукамбетов буга чейин пенсияга чыгуу үчүн 20-25 жылдык стаж талап кылынганын эске салды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.